Эркин сүйлөшүңүз

Башкача жол менен баарлашыңыз. Купуялыкка басым жасаган бардык керектүү функциялар бар.


Signal'ды орнотуу

Image Image

Эмне үчүн Signal?

Signal - жөнөкөй, күчтүү жана коопсуз баарлашуу куралы

Коопсуз шартта баарлашыңыз

Сүйлөшүүлөрүңүздүн купуялыгын камсыз кылуу үчүн Signal баштапкы коду ачык протоколго негизделген заманбап баштан-аяк шифрлөө ыкмасын колдонот. Жазышканыңар же чалышканыңар эч кимге көрүнбөйт да, угулбайт. Жада калса, бизге дагы. Купуялык — кошумча режим эмес, Signal кызматынын иштөө принциби. Ар бир билдирүү, ар бир чалуу, ар убакта корголот.

Image

Каалагандай форматта сүйлөшөсүз

Текст түрүндө, үн менен, сүрөттөр, видеолор жана башка файлдар аркылуу акысыз баарлашыңыз. Signal мобилдик Интернетти колдонгондуктан, SMS жана MMS үчүн акы төлөбөйсүз.

Image

Эркин сүйлөшүңүз

Башка шаардагы же океандын аркы жагындагы адамдар менен аудио жана видео режиминде дапдаана сүйлөшө аласыңар. Эл аралык байланыш үчүн акы төлөбөйсүз.

Image

Жеке стикерлер

Оюңуздагы нерсени шифрленген стикерлер менен таасын жеткире аласыз. Өзүңүздүн жеке стикерлериңизди түзүп алсаңыз болот.

Image

Топторго биригиңиз

Үй-бүлөңүз, досторуңуз жана кесиптештериңиз менен топтошуп алып сүйлөшсөңүз болот.

Image

Эч кандай жарнама жок. Эч ким көз салбайт. Тамашасы жок.

Signal'да жарнамалар жана өнөктөш соодагерлер жок. Эч ким көз салбайт. Андыктан жакындарыңыз менен баалуу нерселериңизди коркпой эле бөлүшө бериңиз.

Image

Баарына акысыз

Signal — көз карандысыз коммерциялык долбоор. Бир дагы техникалык компанияларга байланган эмеспиз. Долбоор сиздей болгон адамдардын салымдарынын эсебинен жашайт.

Signal'га колдоо көрсөтүү

Image